Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганын 24 жылдыгы белгиленип жатат. Ѳлкө эгемендик алгандан эки жылдан кийин – 1993-жылдын 5-майында өлкөнүн жаңы Конституциясын кабыл алган.
1993-жылдагы Конституция боюнча Кыргызстанда бир жагынан күчтүү президент, экинчи жагынан чечүүчү ролго ээ болгон парламент болуп, бийликтин тең салмактуулугун сактап турган. Бирок бул тең салмактуулук көпкө сакталган жок. Аз өтпөй эле кыргыз Конституциясын оңдоп-түзөлөрдү башынан кечирген. Баш мыйзам 24 жылдык тарыхында 10го чукул ирет өзгөрүүгө дуушар болду.
Президент Алмазбек Атамбаев өз куттуктоосунда Баш мыйзам алгач кабыл алынганда ‘постсоветтик мейкиндикте эң демократиялуу, прогрессивдүү Конституция катары таанылганын’ белгилеп, бирок кийинки 20 жыл ичинде Баш мыйзам авторитардык – үй-бүлөлүк режимди чыңдоо максатында бир канча жолу оӊдолуп, натыйжада коом ичинде Конституциянын кадырын кетиргенине’ токтолду.
2010-жылы Апрель революциясынан кийин Конституцияга мамиле түп-тамырынан өзгөрдү. Андан берки өлкөбүздөгү орошон өзгөрүүлөр, мамлекетибиздин улам бекемделиши жарандардын Башмыйзамга, мыйзамдуулукка ишениминин кайтарып, Конституцияга, өлкө эгемендигине, мамлекетибизге сый-урмат мамилени жаратты. Бул кыска убакта Кыргызстан өнүгүү жолунда ондогон жылдарга тете белести басып өттү. Бул жетишкендиктерди биз 2016-жылы декабрдагы референдум аркылуу бекемдедик. Ошентип, мындан ары бизде ким бирөөнүн чексиз бийлигинин орношуна жол жабылды -Кыргызстанда бийлик бутактарынын чыныгы тең салмагы камсыздалды. Мындан ары тыштан таӊулоолорго жол жабылды – ким менен мамиле күтпөйлү, Кыргызстандын кызыкчылыктары биринчи орунда болот.
Азыркы Баш мыйзам кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына шайкеш келип, ата-бабалардын көөнөргүс мурасын жандантып жана байытууга, жарандарыбыздын жаратман жана чыгармачыл ишине демөөр болот’,-деп айтылат Президенттин кайрылуусунда.Баш мыйзам соңку ирет 2016-жылы 11-декабрда референдум аркылуу өзгөртүлгөн. Бул референдумга шайлоочулардын 42 пайызы катышып, 80 пайызга чукулу Баш мыйзамдагы өзгөртүулөрдү колдоп добуш беришкен эле.