КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЧУЙ ОБЛУСУ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ № 77/19/27
18.12.2018-ж Люксембург а.
«Люксембург айыл аймагынын
2018-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы
жана Люксембург айыл аймагынын
2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө»
Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекованын “Люксембург айыл аймагынын 2018-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2019-жылга Люксембург айыл аймагынын бюджетин бекитүү жөнүндө” маалыматын, айылдык кеңештин сессиясы жергиликтүү бюджеттин чыгымдары айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталып, максаттары так көрсөтүлүп, каражаттар, ар бир беренеге ылайык бөлүнгөнүн белгилегендигин угуп жана талкуулап
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекованын маалыматы эске алынсын.
- Люксембург айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджети атайын эсеп менен кошо 20234,8 миң сом өлчөмүндө төмөнкүдөй бөлүнүп бекитилсин:
– мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр – 4052,7 миң сом;
– турак-жай коммуналдык чарба – 9135,4 миң сом;
– китепкана – 391,7 миң сом;
– маданият – 280,4 миң сом;
– Киршелк орто мектеби – 1077,5 миң сом;
– Я.Я.Ваккер атындагы орто мектеби – 2500,7 миң сом;
– бала бакча – 1416,4 миң сом;
– социалдык коргоо – 1000,0 миң сом;
– атайын эсеп – 380,0 миң сом.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комисиясынын төрагасы А.И.Сейталиевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы А.Кожонов.