ТОКТОМ  № 82/19/27

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЧУЙ ОБЛУСУ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ  № 82/19/27

 

18.12.2018-ж.                                                                                                 Люксембург а.

 

«Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн

тарифти жогорулатуу жөнүндө»

 

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин таштандыларды ташып чыгаруу үчүн  тарифти жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Бейсалык төлөмдөр жөнүндө” мыйзамынын 12.1-беренесинин 2-б., Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 23.10.2018-жылдагы №07/2613 катына ылайык

 

Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бир адамга 25 (жыйырма беш) сом тарифи коюлсун.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

 

 

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы                                                                                     А.Кожонов.

Leave a Reply