ТОКТОМ  № 83/19/27

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЧУЙ ОБЛУСУ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ  № 83/19/27

18.12.2018-ж.                                                                                                 Люксембург а.

 

«Муниципалдык ишканасынын

акы төлөө кызматтары жөнүндө»

 

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин муниципалдык ишканасынын акы төлөө кызматтары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18,19,62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 21.12.2018-жылдагы №07/3209 катына ылайык

 

Люксембург айылдык кеңеши

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Люксембург айыл аймагында муниципалдык ишканасынын акы төлөө кызматтары үчүн төмөндөгүдөй тарифи коюлсун:

– экскаватор кызматы – 1200 (бир миң эки жүз) сом 1 саат иши үчүн;

– ЗИЛ-130 унаасынын кызматы – 1000 (бир миң) сом 1 рейси үчүн;

– айыл аймагынын чегинен тышкары чыгышына, жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарынын көлөмүнө жараша акы төлөсү коюлсун

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

 

 

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы                                                                                         А.Кожонов.

Leave a Reply