ТОКТОМ  № 85/19/27

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЧУЙ ОБЛУСУ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ  № 85/19/27

18.12.2018-ж.                                                                                                 Люксембург а.

 

«Люксембург айыл аймагынын жаштар жана

спорт комитетинин төрагасынын маянасын бекитүү жөнүндө»

 

Люксембург айылдык кенешинин депутаттарынын Люксембург айыл аймагынын жаштар жана спорт комитетинин төрагасынын маянасын жогорулатуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, жаштарды өнүктүрүү, дене тарбия жана спортту алдыга жылдыруу, координациялоо жана натыйжалуу ишке ашыруу  максатында

 

Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Люксембург айыл аймагынын жаштар жана спорт комитетинин төрагасынын маянасы – 7750 (жети миң жети жүз элүү) сом өлчөмүндө коюлсун жана бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбековага жүктөлсүн.

 

 

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы                                                                                     А.Кожонов.

Leave a Reply