ТОКТОМ  № 86/19/27

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЧУЙ ОБЛУСУ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ  № 86/19/27

 

18.12.2018-ж.                                                                                                 Люксембург а.

 

«Бир жолку берилүүчү материалдык

жардам берүү тартиби жөнүндө»

 

Люксембург айылдык кенешинин депутаттарынын Люксембург айыл аймагынын жарандарына бир жолку берилүүчү материалдык жардам берүү тартиби жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык

Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жыл сайын белгиленүүчү Майыптардын эл аралык күнүнө карата бир жолку материалдык жардам берилсин:

– I жана II топтогу майыптарга – 1000 (миң) сом;- III топтогу майыптарга – 500 (беш жүз) сом;

  1. Юбилейлик даталарга карата төмөндөгү адамдардын категорияларына берилсин:

– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына – 7000 (жети миң) сом;

-Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлерине – 3000 (үч миң) сом;

– оруктагы эмгекчилерге жана эмгек аскерлерине – 3000 (үч миң) сом;

– башка мамлекеттердин аймагында согушка катышкан аскер кызматчыларына жана курман болгон аскер кызматчыларына – 5000 (беш миң) сом;

– Чернобыль атомдук станциядагы кыйроонун катышуучуларына жана жабыр тарткандарга – 5000 (беш миң) сом;

– Апрель элдик революциясынын катышуучуларына жана жабыр тарткандарга – 5000 (беш миң) сом;

– Баткен окуяларынын катышуучуларына жана жабыр тарткандарга – 5000 (беш миң) сом.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, мыйзамдуулук жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Адамалыевге жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы                                                                                     А.Кожонов.

Leave a Reply