ТОКТОМ  № 94/21/27

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЧУЙ ОБЛУСУ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ  № 94/21/27

28.01.2019-ж.                                                                                                 Люксембург а.

 

«Жаңы абоненттерди  ичүүчү сууга

кошуу боюнча акы төлөнүүчү кызмат

көрсөтүүлөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө»

 

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин жаңы абоненттерди  ичүүчү сууга кошуу боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,

 

Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жаңы абоненттерди  ичүүчү сууга кошуу боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө 5000 (беш миң) сом тарифи коюлсун.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

 

 

 

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы                                                                                     А.Кожонов

Leave a Reply