ТОКТОМ  № 96/21/27

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЧУЙ ОБЛУСУ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ  № 96/21/27

28.01.2019-ж                                                                                                 Люксембург а.

 

“Арызды карап чыгуу жөнүндө”

 

Люксембург айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси А.М.Молдокматованын 2018-жылдын 28-мартынан 31-декабрына чейинки иштеген мезгилинде мамлекеттик кызматынын кенже инспекторунун класстык чени үчүн төлөө жөнүндө арызын карап, Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Люксембург айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси А.М.Молдокматовага 2018-жылдын 28-мартынан 31-декабрына чейинки иштеген мезгилинде мамлекеттик кызматынын кенже инспекторунун класстык чени үчүн төлөм жүргүзүлсүн.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Абалбековага жүктөлсүн.

 

 

 

 

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы                                                                                     А.Кожонов

Leave a Reply