КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЧҮЙ ОБЛУСУ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ № 99/22/27
08.04.2019-ж Люксембург а.
«Люксембург айыл өкмөтүнүн “Коомдук алдын алуу борбору”
коомдук бирикмесин түзүү зарылчылыгы жөнүндө»
Люксембург өкмөтүнүн “Коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмесин түзүү зарылчылы жөнүндө” Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө” 27.12.2015-ж. №747 токтомуна ылайык, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Люксембург өкмөтүнүн “Коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмесин түзүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы А.Кожонов