Улуу Жеңиш майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу Люксембург айыл аймагынын тургундары!

Баардыгыбыз зор толкундануу менен күткөн Улуу Жеңиш майрамынын 74 жылдык мааракеси менен жалпы баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Анткени, кийинки муундун өкүлдөрү, биз – Ата-Мекенди сүйүүнү, ардактоону жана ыйык тутууну, келечек ээлери болгон жаш муундарды аруулукка тарбиялоону ошол кан күйгөн согуштун жана ооруктун ардагерлеринин акыл-насааттарын осуят катары кабылдоо менен улантуубуз парз.
Элибиз жаратман эмгек менен алпурушкан бакубат турмушта жашаса экен деп баарыбыз жан дүйнөбүздү агарткан ак дилден тилек кылабыз. Мекенибизде, анын ичинде ар бир ынтымак уялаган үй-бүлөдө дайым тынчтык өкүм сүрүп, бакубатчылык орносун!

Улуу Жеңиш майрамыңыздар кут болсун!

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *