Уз-чебер айымдарыбызга маалымат!!!

“Кийиз Дүйнө” коомдук фонду жана Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борбору биргеликте
“Калпак” Республикалык сынагын жарыялайт.

Республикалык Сынактын өтүү тартиби: 
Сынак 2 этап менен өтөт. 
• 1-этап: Жалпы катышуучулар сынакка катыша турчу калпактарын 2019-жылдын 20-майына чеийн “Кийиз Дүйнө” Коомдук фондунун Бишкек шаары, Таттыбүбү, 92 дарегине жиберип каттоодон өтөт. Сынакка келген калпактарды каттап, ар бирине жеке номер берип (инвентардык номер), тизмелеп, калыстар тобу аркылуу тандоо иш-чарасы Бишкек шаарында өткөрүлөт. Тандоодон өткөн калпактар Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборуна экспозицияга жиберилет.
• Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборуна, жиберилип каттоодон өтөт. Сынакка келген калпактар катталып, тизмеленип жана экспозицияга жайгаштырылат. Ар бир экспозицияга коюлган калпактардын алдында ким жасагандыгы тууралу маалымат жазылат.
• 2-этап: Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда көргөзмөлөр, сынактын жыйынтыгын чыгарып сыйлык тапшыруу аземи, мастер-класстар өткөрүлөт.

Салттуу калпактын 4 түрү боюнча сынак жүргөзүлөт:
• Туюк калпак 
• Төрт талаа калпак
• Таберик катары сакталган калпак
• Дизайнердик калпак

Катышуу жана тандоо талаптары:
• Кийизи табигый жүндөн колго басылган болуусу шарт. 
• Калпактын кыйыгы,кыргагы жана чачысы табигый болуусу зарыл.
• Кийиз жана кездеме табигый болбосо сынакка катыша албайт.
• Сынакка баардык каалочулар катыша алат. Уздар, сүрөтчүлөр, студенттер, ишканалар.
• Таберик катары сакталган калпактар; муундан муунга өтүп үй-бүлөдө сакталып келген калпактардын өз тарых таржымалы жана өзгөчөлүктөрү дагы каралат.
• Дизайнердик калпактар; ой, сүрөт жана чыгармачылыктын туу чокусун бириктирип, жаңы замандын кандайдыр талаптарына ылайыкташтырылган бирок ошол эле кезде табигыйлыгынан тайбашы шарт.

    Аймактардагы уз-чебер айымдарыбызга маалыматты жеткирүү менен сынакка катышууга көмөк көрсөтөбүз. 

Leave a Reply